"Талас облусунда эпидемиологиялык абал күчөп кетсе базарлар, коомдук жайлар кайрадан жабылышы мүмкүн" дейт Марат Мураталиев

Облустагы эпидемиологиялык абал күчөп кетсе кайрадан базарлар, коомдук жайлар жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев жыйын учурунда билдирди.

Анда "Облуста коронавирус катталды, мындан улам базарлар, коомдук тамактануучу жайлар кайрадан жабылышы мүмкүнбү?" деген суроо узатылды.

"Коомдук жайлар, эл массалык түрдө топтолгон жерлерде санитардык эрежелер сакталышы керек. Эгер талаптар толук аткарылбай, илдеттин жайылуусуна мүмкүнчүлүк жаралса, анда бул жайлардын ишмердүүлүгүн кайрадан токтотууга укугубуз бар", - деп жооп берди Мураталиев.

Бүгүнкү күнгө карата облустун 3 тургунунан илдет аныкталды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан