Жалал-Абад шаарында аралыктан окууга 70 баланын шарты жок. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев билдирди.
"Жалал-Абад шаарында эртең, 8-апрелден тарта окуучулар төртүнчү чейректи өз үйлөрүндө онлайн форматта окуп башташат. Буга чейин окуучулардын электрондук сабак өтүүгө болгон мүмкүнчүлүктөрү боюнча атайын кароо жүргүзүлгөн. Ага ылайык, калаадагы 70 окуучунун шарты жок экени аныкталган. Азыркы учурда шаардык билим берүү бөлүмү аларды мектептерде орнотулган сыналгы жабдыктар менен камсыздоо аракеттерин көрүүдө. Мында Жалал-Абад шаарындагы 20 муниципалдык мектептин 23 миң 458 окуучусу электрондук окутуу режиминде билим алышат. Алардын 1-класстан 4-класска чейинки окуучулар КТРКнын "Баластан" каналынан, ал эми 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар "ЭлТР" жана илим билим каналы аркылуу окутулмакчы. Аны менен бирге даярдалган материалдарды “Мегаком” компаниясы менен бирге түзүлгөн тиркеме аркылуу да окуй алышат. Ал тиркеме "Мега 24" деп аталат. Мында мугалимдер менен бирге окуучуларга акысыз симкарталар таратылат. Окуу программалары канчалык түшүнүктүү болуп жаткандыгын мугалимдер менен окуучулар Zoom, Telegram жана WhatsApp программалары аркылуу кайтарым байланышта кабардар болуп турушат", - деп жазылат маалыматта.