
АКШнын Иллинойс штатында коронавирус менен ооруп жаткан наристе чарчап калды. Бул тууралуу штаттын Саламаттыкты сактоо департаментинин сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, окуя Чикаго шаарында орун алган.
"Буга чейин коронавирустан наристенин көз жумганы катталган эмес. Азыркы тапта атайын иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирген департамент башчысы Нгози Эзике.
Белгилей кетсек, улгайган адамдарда вирусту жуктуруп алуу коркунучу чоң. Коронавирустан каза болгон адамдардын 85 пайызын 60 жаштан жогорку адамдар түзөт.