Орусияда коронавирустан сутка ичинде 114 бейтап каза болду

Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 4 миң 995 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 114 адам каза болсо, 5 миң 766 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 690 (айыккандар 1157);

Санкт-Петербург шаарында - 191 (айыккандар 110);

Москва облусунда - 163 (айыккандар 211);

Нижегород облусунда - 143 (айыккандар 112) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 9 миң 995 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 17 миң 528и каза болсо, 826 миң 935и айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан