Баткенде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди

Баткенде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аларга жалпы 183 тонна ун, 1013 килограмм макарон, 8589 литр өсүмдүк майы, 775 килограмм күрүч, 874 килограмм кумшекер берилди.

"Ошондой эле 45 507 даана бет кап, 2 650 тонна хлор, 4 110 литр антисептик, 457 даана халат, 3 840 жуп кол кап таратылды. Элдин массалык топтолуусуна жол бербөө үчүн жарандарга азык-түлүктөр район-шаар, айыл аймактарда тизме менен үймө-үй жеткирилүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан