Индияда аба тазарып, жашоочулар Гималайдын чокусун, жылдыздарды даана көрө башташты

"Индиянын түндүк бөлүгүнүн жашоочуларына 30 жылдан бери алгачкы жолу Гималайдын карлуу чокусун көрүүгө мүмкүнчүлүк жаралды" деп жазган Артёмий Сурин аттуу саякатчы социалдык тармактагы баракчасына.

Андагы билдирүүгө ылайык, Индияда аба тазарып жаткандыгына байланыштуу жашоочулар мөңгүлөр менен бирге ачык асманды, андагы жылдыздарды даана көрө башташкан.

"Жашоочулардын көпчүлүгү мындай картинага биринчи жолу күбө болушкан. Алар адамдар абаны булгап келгендиктен, асман ачылбай калганын моюнга алышкан. Учурда Индияда абанын булганышы бир топ төмөндөдү", - деп жазган Артёмий Сурин.

Ошондой эле 16-марттан 27-мартка чейинки аралыкта Индияда абанын тазарышы орточо 33 пайызга жакшырганы жергиликтүү маалымат булактарына жарыяланган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
D.iamond
2020-04-10 21:58:01
Гималай десе эле жылдыздарга жанаша турган бийик тоо болсо керек деп журсо. Оз айылымдагы эле катардагы тоолордой эле экенго.
+14
Sajakat14
2020-04-10 21:58:49
Жакшы жаңылык. Жаратылыш тазаланып ээс алсын.
+6
Gulya78
2020-04-10 22:15:52
Бишкекти да айтып койгула абанын булгануу көрсөткүчүн
+6
omka100514
2020-04-10 22:32:59
Баары тазарып, таштанды, газ, тутундлн арылып жаратылыш да эс алып жатат.
+7
ilgizk
2020-04-10 22:57:08
Короновирус жаратылышты дем алдырып атат.
+14
Mylatka..
2020-04-11 14:03:54
Ар бир нерсенин аркасында жакшылык бар!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан