Буга чейин Сузак районунда коронавируска кабылгандардын саны 12ге жетти деген маалымат тараган. Ал боюнча өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов төмөнкүдөй тактоо киргизди.
"Сузак районунда коронавируска кабылгандардын саны 8ге жетти. Ал эми 4 жарандын анализи толук чыга элек, республикалык лабораторияга жөнөтүлгөн. Ооруга шектүү делген 4 адамдын анализинин жыйынтыгы чыккандан кийин гана белгилүү болот", - деди Мирзахмедов.