Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалында Зидандан сокку жеген Матерацци ошол оюнда кийген футболкасын аукционго койду

Футбол боюнча Италия курамасынын мурунку коргоочусу Марко Матерацци Дүйнө чемпиондугунун финалында кийген футболкасын аукционго койду. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыккан.

Матерацци аукциондон түшкөн акчанын баарын коронавируска каршы күрөшүүгө бере тургандыгын билдирген.

Маалыматка ылайык, 2006-жылы Германияда өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалына Франция курамасы менен Италия курамасы чыккан. Оюн учурунда Матерацци менен Зидандын ортосунда пикир келишпестик орун алып, Зидан Матераццини башы менен сүзүп жыгылткан. Бул жоругу үчүн Зидан кызыл айып кагазын алып, оюндан четтетилген жана Италия курамасы Дүйнө чемпиону аталган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bond02
2020-03-30 12:24:23
Муну ким алмак эле жыгылган адамдын футболкасын.
+2
Mina24
2020-03-30 13:18:04
Азаматсын
0
ilgizk
2020-03-30 14:36:49
Бул оюн учурундагы көрүнүш эч качан унутулбайт ,ким алмак эле эмес ,бул жөнүндө эстелик да тургузулган .
Майкл жексондун плавкисин миллиондогон долларга алып атышат муну жөн эле алат да...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан