Бүгүн, 22-октябрь саат 16:00гө карата коронавирус инфекциясы жана пневмония менен жабыркаган бейтаптар үчүн Бишкек шаарындагы медициналык жайларда 379 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Тизмеде:
Инфекциялык ооруканада - 240;
Кыргыз-Түрк достук ооруканасында - 3;
Улуттук фтизиатрия борборунда - 11;
Темир жол ооруканасында - 2;
Улуттук хирургия борборунда - 6;
Улуттук госпиталда – 34;
№1 шаардык клиникалык ооруканасында – 8;
Эне жана баланы коргоо борборунда - 21;
Кардиология жана терапия улуттук борборунда – 31;
Онкология жана гематология улуттук борборунда - 7;
№2 клиникалык төрөт үйүндө - 16.