Министр медициналык кызматкерлеринин нааразычылыктары боюнча жооп берди

Акыркы кезде социалдык тармактар аркылуу тарап жаткан жана медициналык кызматкерлер тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигине айтылган нааразычылыктар, кайрылуулар боюнча министр Сабиржан Абдикаримов кайрылуу жасады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарегине социалдык тармактардан, медицина кызматкерлери тарабынан ар кандай сунуштар, нааразычылыктар айтылып келет. Алардын арасында башкаруу системин жөнгө салуу, саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлеринин коргоо кийимдерин жакшы камсыз кылуу, аларды каражат жактан көтөрмөлөө сыяктуу сунуштар бар.

Биз бардык кайрылууларды карап, талкуулап чыгабыз. Өзгөчө медициналык кызматкерлердин керектөөлөрүнө байланышкан маселелерди тез арада чечүүгө аракет кылып келебиз.

Ал эми башкаруудагы системдик өзгөрүүлөр тыкыр иликтөөнү талап кылат. Коронавирус пандемиясы солгундаганда бул маселеге сөзсүз кайрылабыз. Саламаттыкты сактоо министрлиги ар дайым кесиптештери үчүн байланышууга ачык"
, - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан