Кубатбек Боронов: "Коронавирус менен күрөшүү канча убакытка созулары боюнча божомолубуз жок" (видео, хронология)

Бүгүн, 30-мартта саат 14:00дө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин катышуусунда онлайн маалымат жыйыны өттү.

Алар коронавируска байланыштуу кырдаал, вирус менен күрөшүү үчүн көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берүүдөн тышкары, журналисттер тарабынан алдын ала кат түрүндө жиберилген суроолорго жооп беришти.

2020-03-30 15:55:00

"Күнүмдүк азык-түлүктөрдү, дары-дармектерди ташыгандардан санитардык блок посттордон өткөрбөй жатышат деген арыздануулар болуп жатыптыр. Бирок жүк ташуучуларга эч кандай тоскоолдук жаралбашы керек деген чечим бар", - деп жыйынтыктады маалымат жыйынды биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

2020-03-30 15:50:00

"Новосибирскте калып калган Кыргыз жарандарын алып келүүнү Тышкы иштер министрлиги карап жатса керек. Бул боюнча министрликтен тактап, мекендештерибизге жардам беришибиз керек. Ал эми транзит аркылуу келебиз деген жарандарга кайрылат элем, башка өлкөлөр чек арасынан транзит аркылуу өткөрбөй жатышат. Бир гана билети барларды учак менен алып келүүгө жардам беребиз.

Буга чейин айтылган бир топ маселелерди чечүү мамлекеттин гана эмес баарыбыздын аракетибизден көз каранды. Бизге берилген, сунушталган эрежелерди сактабасак, вирустун очогунда иштеп жаткан кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жокко чыгарат", - дейт Кубатбек Боронов.

2020-03-30 15:43:00

Суроо: Кытайдан алып келинген тест-системдер чет өлкөлүк практикада сапатсыз экенин далилденди. Бизге келип жаткан тест-системдердин сапаты кандай?

"Биздин өлкө бирдиктүү тест-системдерди алууга мажбур. Биз Кытайдын бирдиктүү реестрине кирген тест-системдерди гана алабыз", - дейт саламаттыкты сактоо министри. 

2020-03-30 15:40:00

"Коронавирус менен күрөшүү канча убакытка созулат дегенге алдын ала божомолубуз жок. Өзгөчө кырдаал режими 15-апрелге чейин жарыяланган. Мындан улам жакшылыктан үмүт үзбөй, баарына даяр болушубуз керек", - дейт вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

2020-03-30 15:31:00

"Коронавирусту аныктоо жана дарылоо мамлекеттик деңгээлдеги иш. Учурда өлкөдө лабораториялык изилдөөлөрдү 9 вирустук лаборатория 13 ПЦР менен акысыз ишке ашырып жатат. Эгер менчик клиникалар дагы коронавирусту аныктоо, дарылоону колго алса, анда кызмат көрсөтүүлөр үчүн акча талап кылынат", - деди министр Чолпонбаев.

2020-03-30 15:27:00

"Республика боюнча өзгөчө абал тартибин киргизүүгө азырынча себеп жок. Кудайга шүгүр, эки облуста коронавируска кабылгандар жок", - деди Боронов.

2020-03-30 15:17:00

Суроо: Биздин өлкө эмнеге көп жардам алып жатат. Бүгүнкү күнгө берилген статистика чындыкка дал келбейби, так маалымат жашырылып жатабы?

Министр Космосбек Чолпонбаевдин жообу: "Бүгүнкү күндө 94 жарандын вируска чалдыкканы так. Бизде маалыматты жашыруу мүмкүн эмес. Болгону алдын алуу, вирустун жайылып кетүү коркунучун жоюу керек".

"Бир жолку текшерүүдөн эле баары билинип калбайт. Бир, эки же үч жолку текшерүүнү талап кылган учурлар дагы болуп жатат. Ошондуктан кокус бирдеме болуп кетпесин деп алдын алып жатабыз", - деп кошумчалады Кубатбек Боронов.

 

2020-03-30 15:13:00

Күнүмдүк жумушта иштегендерге кандай жардам көрсөтүлөт же маселе кандай чечилет?

Учурда мындай үй-бүлөлөргө жардам берүүнүн схемасы түзүлдү. Аз камсыз болгон үй-бүлө республиканын аймагында 15 миңге жакын, мындан тышкары такси кызматында, эмгек биржасында жана башка күнүмдүк жумуштарда иштегендер тууралуу маалыматтар топтолду. Эртеңден баштап жардам бериле баштайт деди вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

2020-03-30 15:07:00

Суроо: Казакстанда, Орусияда коронавирус менен жабыркагандар тууралуу кеңири маалыматтар берилип жатат. Бизде эмнеге мындай маалыматтар берилбейт?

Жооп: Биз коронавирус жуктурган, чет өлкөдөн келген, карантинде, обсервациядагы жарандардын аты-жөнү тууралуу маалыматты бере албайбыз. Жарандар эрежелерди сактабай, абалды курчутса анда персоналдык маалыматтарды беришибиз мүмкүн.

2020-03-30 15:05:00

Аткезчилик жолу менен медициналык бет каптарды өлкөдөн чыгаруу учурунда кармалган жарандын иши сотко өткөрүлүп берилгенин вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

2020-03-30 14:58:00

Суроо:  Дарыгерлер коронавирус жуктуруп алышса кандай компенсация каралат? 

Министр Космосбек Чолпонбаевдин жообу:  Эл аралык практиканы көрүп жатасыздар, дарыгерлерге вирус жугуп калуу коркунучу бар. Эгер ошондой учур катталса, сөзсүз түрдө тиешелүү жардам көрсөтүлөт.

2020-03-30 14:50:00

Ыкчам байланыш номерлери иштебейт, жооп бербейт деген нааразычылык билдирүүнү ички иштер министри Кашкар Жунушалиев четке кагып, ыкчам байланыш номерлери иштеп жатканын айтты.

2020-03-30 14:49:00

29-мартта Орусиядан келген 402 жарандын 401 кыргыздар. Бирөө Орус жараны. Алардын баарынан тест алынып, обсервацияга жаткырылды. Тесттин жыйынтыгы чыга элек. Жыйынтыгы 31-мартта даяр болорун, маалымат берилерин саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

2020-03-30 14:46:00

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев: "Кыргыз өлкөсүнүн медицинасы коронавирус менен күрөшө аларын далилдеди. Буга бүгүн, 30-мартта Жалал-Абаддагы ооруканалардан чыга турган бейтаптар мисал боло алат".

2020-03-30 14:43:00

"Бишкек шаарынан башка региондорго, облустарга каттамдар толук токтотулган жок. Себеби бизге ар кайсы аймактан жүктөр келет. Мындан улам тиешелүү уруксат кагазынын негизинде унаалардын каттамы токтотулган жок. 

Бизге жеткен маалымат боюнча, борбор калаанын тургундары, каттоосу ар кайсы аймакта болгондор туулуп-өскөн жерине кайтып жатышыптыр. Вирус катталбаган аймактарга барбай, анын жайылышына себепчи болбой үйдө отуруп турууңуздарды суранат элек", - деди премьер-министр Боронов.

2020-03-30 14:40:00

Орусиянын аэропортунда калып калган жарандар өлкөгө кайтып келишет. Эгер рейсти күтүп жаткан жүргүнчүлөрдүн билети бар болсо, алар сөзсүз түрдө өлкөгө алып келинет. 

Ал эми чет өлкөдө иштеп жаткан мигранттар өлкөгө кайтып келсе, алардын баарын обсервацияга алуу мүмкүнчүлүгү бар деди Боронов.

2020-03-30 14:37:00

Кечээ, 29-мартта коронавирус менен жабыркап жатканы аныкталган жарандардын көбү сырттан келгендерден жуктурушкан. 


“2020-жылдын 29-мартында аныкталган коронавирусун жуктурган 26 адам буга чейин ооругандар менен байланышта болгондор. Ошондуктан баарыӊыздарды өзүӊүздөрдү изоляцияга алып, карантинди так сактоого чакырабыз”, - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

 

2020-03-30 14:36:00

"Кудайберген" базарында айыл-чарба техникаларын саткан контейнерлер бар. Жазгы айдоо иштеринин башталышын эске алып, көйгөйдү жаратпоо үчүн биз базардын жетекчилиги менен ал контейнерлердин бүгүндөн баштап иштеши тууралуу сүйлөштүк", - дейт вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

2020-03-30 14:27:00

Саламаттыкты сактоо министри: "Нарында коронавирус менен жабыркаган жаран аэропорттон текшерилген. Үй карантинине жиберип, нускама менен үйүнө жөнөтүлгөн. Ал чет өлкөдөн келген учурда алгоритм башкача болчу. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн".

Премьер-министр Кубатбек Боронов: "Вируска чалдыккан жарандын келинчеги нускама берилген эмес деген туура эмес. Үй карантинине кетип жаткан жаран нускамага кол коюп, эч ким менен байланышта болбошу керек эле. Бейтап өзү эрежени бузуп, бир канча адам менен байланышта болгон", - деп кошумчалады.

Учурда үй карантинин бузган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүү боюнча тиешелүү иштер каралып жатат. 

2020-03-30 14:25:00

Коронавируска каршы күрөшүүгө тиешеси жок мекеменин кызматкерлери үйдөн иштөөгө тараган. Бир гана коронавируска тиешеси бар мамлекеттик органдардын кызматкерлери гана иштейт.

2020-03-30 14:23:00

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коронавируска каршы күрөшүү боюнча иш-чараларына делген администрацияланган эсепке 50 миллион 960 миӊ сом түштү. Бул каражаттарды бөлүштүрүү менен атайын түзүлгөн комиссия алектенет.

2020-03-30 14:21:00

"Учурдагы кырдаал калктын басымдуу бөлүгүнүн акчасынын акырындык менен азайышына алып келет. Азыр биз аз камсыз болгон жарандарга жана көп балалуу үй-бүлөлөргө азык-түлүк жагынан жардам берүүнүн алгоритмин иштеп жатабыз. 

Муктаждарга бөлүштүрүү үчүн 5 миң тонна ун бөлүп берүү чечими кабыл алынды. Муну менен катар кошумча дагы 5 миң тонна ун бөлүнөт", - дейт Боронов.

2020-03-30 14:15:00

"Көчөгө чыккан тургундар вирусту жуктуруу, таратуу тобокелчилигин жаратып жатат. Мындан улам биз тургундардан зарыл болбогон учурда үйдөн чыкпай отуруусун суранып кетебиз", - дейт Кубатбек Боронов. Бишкек шаарындагы жарандардын көчөдө жүрүүсүнө тыюу салуу үчүн патрулдук милиция кызматкерлери менен атайын маршрут түзүлгөнүн кошумчалады Боронов.

2020-03-30 14:12:00

Коронавирус инфекциясын жуктурган адамдар менен байланышкандардын саны 7 миң 307 адам. Алардын 2 миң 85и коронавируска кабылган жарандардын жакындары, үй-бүлө мүчөлөрү (1-категория) болсо, калган 5 миң 222 адам вируска кабылгандар менен ар кандай шартта байланышып калган адамдар (2-категория).
Жалпы республика боюнча 1 459 адам обсервацияда.

2020-03-30 14:10:00

Кыргыз өлкөсүндө жалпы тастыкталган учурлардын саны – 94. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда – 50, Ош облусунда – 24, Чүй облусунда – 3, Баткен облусунда – 1, Ош шаарында – 8, Бишкек шаарында – 7, Нарын облусунда – 1 адам.

Коронавирусу аныкталган бейтаптардын ичинен: 53ү аял, 41и эркек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан