Чүйдө жасалма "пропуск" менен унаа башкарып жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
"30-март күнү Ысык-Ата районунун Киргшелк айылында жайгашкан санитардык-карантиндик постунда жол кыймылынын жана бекитилген кызматкерлер тарабынан Тойота Чейзер үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерилген. Анда Аламүдүн районунун жашоочусу 49 жаштагы Х.А. аттуу айдоочу жасалма "пропуск" (өткөрмө) алып жүргөнү аныкталган.
Ысык-Ата РИИБинин тергөө тобу чакырылып, айдоочу өткөрүлүп берилген. Азыркы учурда автоунаа убактылуу айып короосуна токтотулуп, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу Чүй облусунун жашоочулары, коронавирус илдетин жоюу жана алдын алуу максатында үйүңүздөрдө болууңуздарды жана себепсиз чыкпоону суранабыз" деп кайрылышат Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан.