
Социалдык тармактарда каза болгон адамдардын баштыкка салынган жансыз денесин казылган жерге биринин артынан экинчисин ыргытып жаткан видео тараган. Видео "Бишкек шаарында, жашыруун камера" деген аталышта эл арасына жайылып, көпчүлүктү дүрбөлөңгө салды.
Интернетке тарап кеткен видео боюнча Муфтияттан билдирүү таратып, чындыкка дал келбей турганын кабарлашты.
"Социалдык тармактарда маркумдардын сөөгүн кабырга ыргытып жаткан видео тарап жатат. Бул чындыкка дал келбейт. Индия мамлекетинде тартылган видеону "Бишкекте" деп таратуу өз элине, жерине, мекенине болгон кыянатчылык. Мындай жалган маалымат тараткандардын жазасын Алла Таала өзү берсин.
Кыргыз өлкөсүндө маркумдун сөөгү шарият көрсөткөн тартип, урмат-сый менен жерге берилүүдө. Маркумду акыркы сапарга узатууда жакын туугандары катышып, жаназа окулуп, кырдаалга жараша сактык чараларын сактоо менен коюлууда.
Урматтуу мекендештер, интернет аркылуу ар кандай такталбаган, фейк маалымат тараткандар көбөйүп кетти. Кандай гана маалымат чыкпасын биринчи маалыматтын булагы, расмий тастыкталганы аныкталган соң ишенүүңүздөрдү суранабаз. Эгер фейк маалымат көрүп, бүдөмүк ойлор жаралса аны башкаларга бөлүшпөй, тийиштүү органдардан тактаңыздар", - деп билдиришти мекеменин маалымат кызматынан.