Бүгүн, 30-мартта Өкмөт үйүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин катышуусунда онлайн маалымат жыйыны өттү.
Жыйында 30-марттан тарта үй карантининде жаткан жарандарга карата, ал режимдин тартиптерин бузса, чара колдонулуп баштай турганы айтылды.
Ошондой эле биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов коронавирус жуктуруп алган Нарын облусунун тургуну эмне себептен учуп келгенде 14 күндүк обсервацияга алынбаганын түшүндүрүп берди.
"Коронавирус жуктуруп алган Нарындын тургуну келген убакта чет мамлекеттен келген бардык жарандарды обсервацияга жаткыруу маселеси турган эмес. Ошол маалда биринчи категория (ред: эпидемиологиялык абалы начар, вирусту 1000 кишиден ашык жарандары жуктуруп алган өлкөлөр) кирген мамлекеттерден келген жарандар гана жаткырылып жаткан. Андан кийин дүйнө жүзүндө коронавирус аныкталган өлкөлөр көбөйө баштаганда Кыргыз өлкөсүндө эки гана категорияны калтыруу чечими кабыл алынган. Мындай шартта экинчи категорияга кирген жарандар үй карантинине жөнөтүлүп, аларга анын шарттарын түшүндүргөн нускама берилет.
Мындан тышкары жарандар жеке маалыматын камтыган анкета толтуруп, эч жакка чыкпоо боюнча кол койгондон кийин коё берилет. Ошого карабастан, бул жаран 150 адам менен байланышта болсо, анда бул адамдын жарандык жоопкерчилиги жок.
Эми үй карантинин бузгандар боюнча атайын мыйзам иштелип чыгып жатат, анын негизинде тартип бузгандарга карата сөзсүз чара колдонулат", - деди Боронов.