Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдетинен дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен экөө каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, көз жумгандардын бири Бишкекте, экинчиси Чүйдө катталды.
Ошондой эле каза болгондор коронавируска каршы эмдөө албаганын кошумчалашты министрликтен.
Пандемия башталгандан тарта республика боюнча каза болгондордун саны жалпы 2 миң 783кө жетти.