Британияда 17 адам коронавирустан каза болгон тууганынан оору жуктуруп алышты

Улуу Британияда бир үй-бүлөнүн 17 мүчөсү коронавирустан каза болгон тууганынан ооруну жуктуруп алышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 87 жаштагы Шейла Брукс февраль айынын башында коронавирустан көз жумган. Ал убакта акыркы сапарга узатуу зыйнатына эч кандай чектөөлөр кире элек болгондуктан, аны менен коштошуу үчүн туугандары келген.

Эң биринчи болуп 65 жаштагы маркумдун жээни оору жуктуруп алгандыгы билинген. Көп өтпөй ал дагы көз жумган.

Убакыттын өтүшү менен үй-бүлөнүн калган 16 мүчөсү дагы ооруну жуктуруп алгандыгы аныкталган. Алардын ичинде 88 жана 67 жаштагы эркек кишилер да бар, алар азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал эми калган үй-бүлө мүчөлөрү карантинге алынган.

Айта кетсек, Италияда акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүүгө тыюу салынган. Ал эми АКШда адамдардын көп чогулушун алдын алуу максатында акыркы сапарга узатуу жана жерге көмүү салттарын онлайн түрдө көрсөтүү кызматын киргизишкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан