Тегеран-Стамбул багытындагы учак Анкара шаарына ыкчам конду. Учактын тез арада конуусуна борттогу жүргүнчүлөрдүн арасында коронавирус жуктуруп алгандар болушу мүмкүн экендиги себеп болгон.
Дүйнөлүк басылмалардын маалыматына таянсак, "Turkish Airlines" аба компаниясына таандык учак Ирандагы түрк жарандарын өлкөгө кайтарып алып келүүнү ишке ашырып жаткан.
Түркия мамлекетинин Саламаттыкты сактоо министрлиги учактагы жүргүнчүлөрдүн арасында коронавирус менен жабыркагандар болушу мүмкүн деген шек менен тез арада конгонун ырастаган. Министрликтин маалыматы боюнча учактагы 17 жарандын дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп жатканы байкалган. Мындан улам жүргүнчүлөр жана борт кызматкерлери, жалпысынан 132 жаран Анкарадагы медициналык мекемеге жеткирилип, 2 аптага карантинге алынарын билдиришкен.
Учак жерге конору менен "Тез жардам" унаалары курчап, жүргүнчүлөрдү атайын костюм кийген кызматкерлер тосуп алышкан.
Иранда жалпысынан 95 адам коронавирус менен жабыркап, 10дон ашуун жарандын абалы оор экени айтылууда. Жуктуруп алгандардын арасында Ирандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары дагы бар. Ошондой эле бул вирустан 15 адам көз жумган.