Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 4 миң 729 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 123 адам каза болсо, 6 миң 318 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 641 (айыккандар 1262);
Санкт-Петербург шаарында - 185 (айыккандар 86);
Москва облусунда - 156 (айыккандар 209);
Ростов облусунда - 133 (айыккандар 147) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 48 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 17 миң 299у каза болсо, 815 миң 705и айыгып чыкты.