Коронавирустун тез жайылышына карабастан АКШнын жарандары рубашканы көбүрөөк сатып ала башташты. Бул тууралуу дүйнөдөгү эң ири чекене сатуучу дүкөндүн маалыматына таянып чет элдик маалымат булактары жазып жатышат.
"Соода борборунун жетекчилиги муну пандемия учурунда көптөгөн жарандар үйдө олтуруп иштеп жатышканы менен түшүндүрүүдө. Алар жумуш учурунда видео чалууну колдонууга аргасыз болушат. Бул иштөө режиминде жарандар үстүнө рубашка кийип алышат. Тагыраагы, дресс-кодду толук сактоонун кажети жок. Анткени камерадан жарандын дене бөлүгүнүн үстү гана көрүнөт", - деп айтылат маалыматта.
Корпоративдик мамилелер боюнча "Walmart" ишканасынын вице-президенти Дэн Бартлетт бул тенденция келечекте дагы улана турганына ишенет жана ал адамдар тез арада жаңы жашоо образына көнүп калыша турганын билдирүүдө.
Ал кошумчалагандай, америкалыктар рубашка жана дезинфекциялоочу каражаттардан тышкары DVD дисктерин, балмуздак таякчаларын сатып ала башташкан.
Көптөгөн ири компаниялар миллиондогон жумушчуларды жумуштан кетирүүгө аргасыз болушканда, "Walmart" ишканасы өткөн аптада жаңы жумушчуларды жалдоону пландаштырып, коронавирус пандемиясынын шартында аларга кошумча каражат төлөп бере турганын жарыялады.