Депутат Кожобек Рыспаев мамлекеттик органдардын жетекчилери премьер-министрге жагынып, кызматкерлерди айлык акысыз эмгек өргүүсүнө кетирип жатышканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Кырдаалга жараша кээ бир мамлекеттик органдар премьер-министрге жагынабыз деп көпчүлүк мамлекеттик кызматкерлерди айлык акысыз эмгек өргүүгө чыгууга мажбурлап жатышат. Бул туура эмес. Алардын 50 пайыз айлыгын сакташыңар керек. Менчик ишканаларда дагы кызматкерлерди жумуштан кетирип жатышат", - дейт депутат.
Ошону менен катар эле депутат жарандарды карантиндин тартибин бузбоого чакырды.