Франциянын Жогорку Лигасында (Лига 1) ойногон "Марсель" футболдук клубунун мурунку президенти Пап Диуф коронавирус оорусунан улам каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 68 жаштагы Пап Диуфтан өткөн аптада коронавирус аныкталып, Сенегалдын борбору Дакар шаарындагы ооруканага жаткырылган. Анын абалы оор болуп кеткендиктен, дарыгерлер Франциянын Ницца шаарына жөнөтүүнү пландап жатышкан. Бирок анын абалы өтө эле оор болуп, каза болуп калган.
Пап Диуф "Марсель" футболдук клубуна 2005-2009-жылдары президент болгон. Анын жетекчилиги астында клуб Франция чемпиондугунун күмүш байгесин эки жолу жана Франция Кубогунун күмүш байгесин бир жолу жеңип алган.