Сентябрда окуучулар онлайн форматта окуп калышы ыктымал

Сентябрда мектептерде окутуу онлайн режимде уланып калышы мүмкүн. Бул тууралуу Мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

"Учурда мектептерди окуу жылына даярдоо иштери жүрүүдө. Эгер мугалимдердин жана техникалык персоналдардын көпчүлүгү эмдөөдөн өтпөсө онлайн окутуу форматы уланышы ыктымал. Бул жана бир канча маселелер август кеңешмесинде каралат.

Коронавирус жугуштуу оорулардын категориясына кирет. Ар бир мугалим жана техникалык персонал эмдөөдөн өтүшү зарыл. Бул боюнча билим берүү тармагына Саламаттыкты сактоо жана өкмөттүн токтому бар.

Азыркы учурда 120 миңге чукул мугалим болсо, алардын ичинен 30 миңи эмдөөдөн өттү. Калктын 70 пайызы эмдөө алса, окуу салттуу режимде уланат", - деди Абдылдаева.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан