Сабиржан Абдикаримов саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалды (өмүр баяны)

Тектеш кабарлар: 2020-жыл ичиндеги кадрдык өзгөрүүлөр (39 материал)

Сабиржан Абдикаримов саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Буга чейин бул кызматта Космосбек Чолпонбаев иштеп келген. Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңеш саламаттыкты сактоо министри кызматына Сабиржан Абдикаримовду шайлады.

Сабиржан Абдикаримов 1959-жылы 20-декабрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыркол айылында туулган. Ал 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган.

1981-1987-жылдары Республикалык санитардык- эпидемиологиялык станциясында санитардык дарыгер;

1987-1997-жылдары Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык эпидемиологиялык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;

1997-2007-жылдары Саламаттыкты сактоо министрлигинин көзөмөл департаментинин башкы директору;

2007-2010-жылдары саламаттыкты сактоо министринин орун басары;

2010-2011-жылдары саламаттыкты сактоо министри;

2011-2012-жылдары саламаттыкты сактоо министринин орун басары;

2011-2012-жылдары Саламаттыкты сактоо министрлигинин көзөмөл департаментинин башкы директору.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан