Олег Панкратов Евразия экономикалык кеңештин Бажы кызматташтыгы боюнча коллегия мүчөсү болуп дайындалды

Олег Панкратов Евразия экономикалык кеңештин Бажы кызматташтыгы боюнча коллегия мүчөсү болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал бул кызматка Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен дайындалды.

Жакында эле Панкратов президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулган.

Олег Панкратов 1969-жылы 1-январда Жалал-Абад шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1992-жылы Педагогикалык институтту физика, информатика жана эсептөө техникасы адистиги боюнча аяктаган. Ал эми 2002-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция бөлүмүнөн билим алган.

Эмгек жолу:

1999-2006-жылдары “Ишкерлер союзу” коомдук бирикмесинин төрагасы;

2006-2010-жылдары “БизнесПравоИнфо” ишканасынын директору;

2010-2013-жылдары экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;

2013-2015-жылдары өкмөт башчынын кеңешчиси, ЕАЭБ жана Бажы биримдиги боюнча адис;

2015-жылдын май айынан ноябрына чейин экономика министри, вице-премьер-министр;

2018-жылдын 20-апрелинен тартып 2019-жылдын май айына чейин экономика министри;

2019-жылдын июль айынан тарта президенттин кеңешчиси болуп иштеген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан