Өлкөдө коронавирус жуктурган 2 бейтаптын абалы оор (видео, хронология)

Бүгүн, 2-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов маалымат жыйын берүүдө. Ал өлкөдөгү коронавирус боюнча абалды айтты. Маалымат берүү онлайн форматта өтүп жатат.

2020-04-02 09:12:00

Жалпысынан 5 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Обсервацияда 1700 адам жатат.
Бейтаптар менен байланышта болгондордун саны - 1928.

2020-04-02 09:11:00

Ооругандардын арасында балдар да бар. 15 жашка чейинки 11 бала бар, анын ичинен 1 жашка чейинки 2 наристе бар. Көбүнчө 55 жаштан жогоркулар. Бейтаптардын арасында экөөнүн абалы оор.

2020-04-02 09:10:00

Алардын ичинен 63ү, аял калганы эркек кишилер.

2020-04-02 09:06:00

Алар Ноокат районунун, Ош жана Кызыл-Кыя шаарларынын тургундары. Мамбетов аймактарга карата бул илдетти жуктургандардын санын айтты.

Жалал Абад облусу - 54 адам. Сузак- 48, Ала-Бука - 3, Аксы - 1, Жалал-Абад шаары - 1, Кара-Көл шаары - 1.

Ош облусу боюнча - 30, Өзгөн - 1 , Ноокат - 19, Кара-Суу - 8, Ош шаары - 10.

Чүй облусунда - 5 киши. Москва районунда -1, Аламүдүн - 2, Сокулук - 1, Кант шаары - 1.

Ысык-Көл облусунда - 2, экөө тең Түп району.

Баткен облусунда - 3, Баткен району 1, Кызыл-Кыя шаары 2.

Нарын облусунан 4 киши. Баары Нарын шаарында.

Бишкек шаарында 8 киши ооруп жатат.

2020-04-02 09:03:00

Мамбетов бүгүнкүгө карата өлкөдө дагы 5 адамдан коронавирус аныкталганын маалымдады. Муну менен аталган илдеттен жабыркагандардын саны 116га жетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Muratsatybaldiev
2020-04-02 09:25:51
Аллах баарыңыздарга сабыр берсин. Үйдө жатып баары нерсенин кадырына жете турган болдук.
+7
talant87
2020-04-02 09:54:05
Алабукадагы 3 Бири кайтыш болсо 2 тузолуп чыканбы
-2
Hanbike9686
2020-04-02 09:54:38
Сокулуктун кайсы жеиинен экен? Кайсы айыл экенин да сразу жазсанар жакшы болмок. Эл билсин
0
Bulak25
2020-04-02 10:27:54
Карантин дегенден кийин бири бирибиз мн байланышпай отурсак бат эле жок болуп кетет эле

Кыргыздар айтканды аткарбаган калк экенбиз да.Курттап тынбай жатабыз
+16
iryi1
2020-04-02 11:53:15
Жараткан Тенирим колдосун.
-6
Usow
2020-04-03 01:14:29
Маалыматты так бергиле так что башка адамдар ошол адам менен кайрадан кантакта болуп журбосун дагы !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан