Израилде карантин мөөнөтү бүтөрү менен жарандар сулуулук салондоруна, чач тарачканаларга агылып келе башташты. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазып чыгышты.
"Анда баштагыдан айырмаланып кардар салонго дене табын өлчөтүп жана сөзсүз бет кап тагынып кирүүсү шарт. Ал эми анда иштеген мастерлер кол кап, бет кап жана атайын коргоочу кийимдерди кийип иштеп жатышат. Бирок карантиндин бүтүшүн күтпөй көп салондор ишин токтотуп, имаратынын эшигине ижарага берилет деген жазуусу бар табличкаларды илип коюшкан", - деп жазылат маалымат булактарында.