Коронавирус аныкталган Нарын шаарынын тургуну 154 киши менен байланышта болгон

Бүгүн, 30-мартта өкмөт үйүндө өткөн онлайн жыйын учурунда Нарында коронавирус аныкталган жаран тууралуу маалымат айтылды. Анда саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирус жуктуруп алган Нарын шаарынын тургуну эмне үчүн обсервацияга алынбаганын айтты.

“Нарында коронавирус менен жабыркаган жаран аэропорттон текшерилген. Үй карантинине жиберип, нускама менен үйүнө жөнөтүлгөн. Ал чет өлкөдөн келген учурда 14 күндүк алгоритм башкача болгондуктан, ага кирген эмес”, - деди министр Чолпонбаев.

Айтымында, карантинге кетип жаткан жаран эч ким менен байланышта болбошу керек болчу.

Ал эми биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов вируска чалдыккан жаран 150дөн ашык адам менен байланышта болгонун кошумчалады. "Бейтап текшерилгенден кийин нускамага кол коюлуп, үй карантинине жиберилген. Анда 14 күн бою эч ким менен байланышпай турушу керектиги көрсөтүлгөн. Бирок шаар тургуну 154 киши менен байланышып, карантиндин эрежелерин сактаган эмес. Бул анын жарандык жоопкерчилиги", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
jasgul
2020-03-30 19:18:12
ХХХХХ, министри да, дааватчиси да. Канча адамдын убалына калды. КР Окмоту мажбурлап камагылачы , эртенки келечегибиз учун жакшы. Акмак киши тынчып отурбай, Ош, Баткенге да келип кетиптир
Ох....
+12
admin_portal
2020-03-30 19:55:30
Neizvestno777, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынгын. БАН!
-3
Mirlan27011987
2020-03-30 20:00:05
Көчө кыдырып, элге насаатчы болуп, даваатка чыканды коюп, уй булонорду татыктуу карагылачы.
+8
pyeon hwa
2020-03-30 20:02:38
Кылмыш иши козголбойбу???? Башка олколордо жаза катуу экен. жарандыгынан ажыратуу, штраф, Камоо ж б жолдору менен жазалап датат чет жактарда
+3
Hurem
2020-03-31 12:24:09
pyeon hwa Андай болсо жуктуруп келгендин баарын жазага тартуу керек. Аэропорттон баштап жугузуп келип ажы той бергенине чейин
+1
algakaray
2020-03-30 21:28:01
Бир эле жолу бар бул темирдей тартип. Штрафты айтып эле койбой мына деп элге коргозуп туруп салыш кк чонураак сумманы. Кобу тоготпой эле азыр. Жарымы кайдыгер. Муну только же камап, же олчойгон штраф салып ирээтке келтириш кк.
+4
akmanai
2020-03-30 21:50:46
Вирус КРга келе электе эле элдер ызылдап чек араны жапкыла киргендерди бир айга чейин карантинге алгыла деп какшап атса кылаарынар ушул шалпыктар. Озум Москвадан учуп келгенде эле тунулдум болчу. Кудай эле сактасын дегем. Шалпыйган шплпыктар. Эми жакшыраак карагыла шалпыйбай. Илээндилер.
+6
Dembele84
2020-03-31 04:11:46
Мынтип ойлогон болчубу3,антип ойлогон болчубу3 дегенинер бекер уже 154 адамга jолукса
0
Kona8631
2020-03-31 06:52:20
Камап таштагыла
0
Hurem
2020-03-31 12:15:11
Аларды эле аябай соз кылып калдык го 154 киши экен, деп бир айыл эмес го акыры, бир айылга ажы той берип алып деле журушпойбу тымпыйып. Аларга кандай жаза коробуз?
+1
Hurem
2020-03-31 12:21:04
Мен ошол кишинин аудиосун уктум. Биздин аэропорттогулар кайсы мамлекетте вирус болуп аткан болсо, ошолорду эле карантинге киргизип атышкан экен. Пакистандан келдим десе ал жерде вирус пока жок, деп эле откоруп жиберишиптир. Эч кандай нускамасы жок эле. Аэропорттогулар деле ойлонушпайбы азыр кое берсек жолдон контакт болот, деп. Туштон кийин кыйын болбой ошол жерден сразу обсервация кылыш керек болчу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан