ID-карта менен Орусияга же Казакстанга чыгууга мүмкүнбү? Өкмөттүн жообу

SUPER.KG порталына бир канча адам ID-карта менен өлкөдөн Орусияга, Казакстанга чыгууга мүмкүнбү? деген суроолор менен кайрылышты. Окурмандардын кайрылуусуна өкмөттүн басма сөз кызматынан төмөнкүдөй маалымат беришти.

"Кыргыз өлкөсүнөн Орусияга же Казакстанга ID-карта менен чыгууда эч кандай тоскоолдуктар жок. Каалаган учурда жарандарыбыз кете беришсе болот. Болгону чектөө биздин өлкөгө киргендерде гана болуп жатат. Тактап айтканда алар текшерүүдөн дыкат өткөрүлүп, анан өлкөгө киришүүдө", - деди басма сөз кызматынан.

Буга чейин 1-марттан тарта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салына тургандыгы айтылган. Бул тууралуу коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны учурунда маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nazi25
2020-03-02 10:46:02
Анан неге орусия киргизбейт деп атышты го
-3
Shef87
2020-03-02 13:00:35
Жооп толук эмес кыргызстандан чыгара берет кеп наркы эки өлкөгө кирип атканда кандай болот деген маселе жөнүндө болуп атат
0
Gulzat-88
2020-03-02 13:38:16
Эч нерсе тушунбодум.
-1
Taku.14.02
2020-03-02 14:28:47
ID менен карона вирус кирип загран менен кирбей калабы вирус тан калыштуу
-4
rafo80
2020-03-02 14:44:30
Түшүнүп окусаңар. ID-карта менен чыга бересин деп жатат, киргендерди текшерет экен. Себеби Кыргызстандан Россияга баргандан кийин дагы башка мамлекетке өтүп кетсе печать басылбайт бул паспортко. А загран,паспорт менен чыксаң каерге барсаң да печать коюлган болот.
+9
Mister-X
2020-03-02 22:16:29
Япония,Кытай,Иран,Кореядан келгендер ар мамлекетти аралап Россияга кирип жатышат.Башка мамлекеттен только загранпаспорт менен журот.Россия менен Кыргызстанга айдикарт менен уруксат бар.Башка мамлекеттен Москвага загранпаспорт менен келип,Кыргызстанга айдикарт менен кирип жатышат.Ошон учун дыкат текшеруу журуп жатат.Кандай эле тушунбой жатасынар,билбейм.Туура эле кылып жатат.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан