"Акун" компаниясы өткөрмө уруксат кагазы берилбегендиктен ишин токтоторун маалымдаган. Бишкек шаардык комендатурасы "маалымат чындыкка дал келбейт" дейт

Бүгүн, 2-апрелде "Акун" компаниясы мындан ары ун өндүрүүнү токтоторун маалымдаганын социалдык тармакка жарыялаган. Анда "Акун" жана "Бишкек ун комбинаты" ("Бишкекский Мелькомбинат") ишканаларын жаба турганын, буга борбор калаадагы блокпосттордон өтүү себеп болгону айтылган. Ошондой эле өткөрмө уруксат кагазы үчүн бир апта мурда документтер берилгенин, бирок тиешелүү жактан өткөрмө уруксат кагазы берилбегенин, компаниянын документтери жоголуп да кеткени кошумчаланган.

Бишкек шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматынан бул маалымат калп экенин айтып, төмөндөгүлөргө токтолду.

"Акун" компаниясына буга чейин бир канча жолу өткөрмө уруксат кагаздары берилген. Компания 31-мартта дагы уруксат кагазы үчүн арыз калтырып, ал арыздын негизинде бүгүнкү күнгө уруксат кагазы даярдалган. Бирок азыркы убакытка чейин компаниянын бир дагы өкүлү, кызматкери келип, даяр болгон өткөрмө уруксат кагазын алып кетишкен жок. Мындан улам буга чейин тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбей турганын маалымдайбыз", - дейт маалымат кызматынын өкүлү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
timoha81
2020-04-02 19:06:18
Чыныбай Акунович мунунуз уятко дейм.Эмне унду кымбаттатып анан сатайын деп атасызбы.Эл кыйналып турганда элдин эсебинен байыган гопостор аман эле болгула.
+15
voennyi88
2020-04-02 19:09:29
Чыныбай чыныгы жузу ачыка чыкты окшойт. Рааматылык Дооронбек атабыз айткандай кайран гана кыргызым. Тартаар шорун коп экенго.
+13
Artur_sfera
2020-04-02 19:13:48
Буудайларды да тв кабардан беришти эле, жеткиликтүү деп, ун комбинатына барсаң ун бербейт, баасы болсо асманга чыгып кеткен, тааныштарына эле берет экен (базадан чыккандарга эле)
+10
Missing-u
2020-04-02 19:24:02
Озу бул карантин тушунуксуз болду. Мен даарыгер болсомда справка колумда турсада откоргон жок уйго кайра келдим. Коменданттан пропуск алыш учун посттон ото албайсын а пропуск жок ишке бара албайсын,такси жок маршрутка жок. Оорукана,аптека,тамак аш азык тулукторун иштеп чыгарган жерлердеги ишкерлерди откорсонор же посттогу солдаттар тушунбойт айтсан приказ ушундай деп же приказы жок колунда кандай тушуносун.
+5
Missing-u
2020-04-02 19:26:45
Посттон продукта алганга жоо откоруп жатат,ал жоо барып канча адам мн контакт болуп жатат андан коро озу машинада барып келсе контакт аз болот кайра кучотпойбу ооруну. Дезинфекцияны жолго чачып жатат вирус абада олуп калат,эмне адамдар жолго жата калып колун тийгизип оозуна салмак беле,андан коро арбиринин ошол кочодогу дарбазаларына чач пайдалуурак. Айтсан аларда приказ ушундай. Мартышкин ход болуп жатат кылган иштери.
+6
Missing-u
2020-04-02 19:32:54
Посттон этти откорбойт,малды откорбойт,жер айдаганы тракторлор отмок турсун жолдорду бекитип салган талаа иштери кечикти,малдар жайдоодон кечигип жатат,огородко эгин тигин эккени базарга бара албайсын,эттин баасы кымбаттады...Элдер вирустан да эмес ачкачылыктан да эмес уруш талаш болуп ортодо тушунбостук болуп бирин бири кырып олсо олот,иши мал жайы калгандар нерв болуп олот бирок вирустан эмес. Ачыгы ситуация ошого туртуп жатат...
+8
Bars88
2020-04-02 19:44:23
Ушундай маалдан пайдаланып кымбаттатайын дептир да чыныке.Башка маалда анын унун ким карайт
+4
Kitep
2020-04-02 19:52:26
Депутаттардын созуно таарынышса керек да ун ташуучулар.
+3
umarbey
2020-04-02 20:41:39
Bul jerde ekinchi jagida bar. Komendant smige maalimat chikkandan kiyin propusk dayardap bergen bolushu munkun. Sebebi bugunku chislo menen turat, a propusk alganga zayavani 2-3 kun murda bergen eken. Emne uchun srazu berbeyt propusk?
+7
omurbek1990
2020-04-02 21:01:08
Чыныбайды Эл кармап туйруп койуш керек эгер кымбататып кадырын которсо.
+1
tina-Tin
2020-04-02 23:41:09
Чыныбай кичине куттурсо таарынганго чамамда. Карапайым калк дайым ушинтип эле жашап келе жатат ар кайсы эшикти турткулоп чындык жок, бир иш менен барсан куттурмой.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан