Чет элдик донорлордон өлкөгө 100дөн ашуун "Тез жардам" унаасы алынып келет

Чет элдик донорлордон өлкөгө 100дөн ашуун "Тез жардам" унаасы алынып келет. Мындай маалыматты өкмөт башчы Кубатбек Боронов республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтты. Премьер-министр медициналык "Тез жардам" борборлорун унаалар менен камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Пандемия күчөгөн маалдагы негизги көйгөй - "Тез жардам" унааларынын жана бригадалардын жетишсиздиги болду. Тактап айтканда, Бишкек шаарынын калктуу аймактарын болгону 38 "Тез жардам" унаасы тейледи. Бул абдан аз. Июнь айына карата 20га жакын унаа жана мобилдик бригаданы коштук. Абал жакшырган жок. Көптөгөн чакыруулар жоопсуз калып, айрым учурда медиктер чакырууга кечигип келип жатты. Ошондуктан шаар жана айылдарыбызды "Тез жардам" унаалары менен жетиштүү камсыздоо маанилүү", - деп белгиледи премьер-министр.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жыл аягына чейин эл аралык донорлордун долбоору боюнча өлкөгө 115тен ашуун "Тез жардам" унаасы алып келинет, алар аймактарга да бөлүнөт.

"Тез жардам" унаалары менен камсыздоо – маанилүү милдет. Буга катар аларда иштей турган квалификациялуу дарыгерлерден турган бригадалар керектелет. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маселени чечиши кажет. "Тез жардам" борборлорунун жана медициналык мекемелердин ишин координациялоону жайгаруу зарыл. Тажрыйба көрсөткөндөй, көптөгөн "Тез жардам" бригадалары шаар боюнча жүрүп, оорулууну жаткырууга стационарлардан орун табылбаган учурлар болду. Мындайга жол берилбеши керек. Бардык тартылган кызматтардын өз ара аракеттешүү алгоритми тыкыр иштелип чыгышы зарыл", - дейт Боронов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан