Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 3 адам каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, алар Таласта, Бишкекте жана Ысык-Көлдө катталды.
Каза болгондор коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшкөн эмес.
Коронавирус илдети Кыргыз өлкөсүндө 2020-жылдын март айында биринчи жолу катталып, андан бери бул инфекциядан каза болгондордун саны жалпы 2 миң 846 кишини түздү.