1-апрелден тарта Бишкектеги соода борборлорундагы балдар аянтчалары убактылуу жабылат. Бул тууралуу борбор калаанын социалдык маселелер боюнча виц-мэри Айжан Чыныбаева брифинг учурунда билдириди.
Анын айтымына караганда, соода борборлорундагы балдар аянтчалары эки аптага жабылат.
"Өзүңүздөр билгендей, соода борборлорундагы балдар аянтчаларында балдар көп жүрүшөт. Биз балдардын ден соолугу үчүн санаркап жатабыз. Эки апта соода борборлорундагы балдар аянтчаларын жаап жатабыз. Биз эпидемиологиялык кырдаал начарлабайт деп үмүт кылабыз", - деди вице-мэр Айжан Чыныбаева.