Кытай бийлиги коронавируска каршы вакцинаны адамдарда текшерүүгө уруксат берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, вакциналар Пекиндеги "Sinovac Biotech" компаниясы жана Ухан биологиялык институту менен биргеликте иштелип чыгууда.
Март айында Кытай бийлиги "CanSino Bio" компаниясына иштеп чыккан вакцинасын сынап көрүүгө уруксат берген. Буга чейин америкалык "Moderna" компаниясы АКШнын Улуттук саламаттыкты сактоо институту менен биргеликте иштеп чыккан вакцинасынын клиникалык сыноосун баштаган.