Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагына жакын жайгашкан Барак эксклавында жашагандар азык-түлүк жагынан кыйынчылык тартып жатышат. Мындай маалыматты аталган аймактын айыл башчысы Бурканбек Ашыров Ош облусундагы кырдаал боюнча өтүп жаткан онлайн маалымат жыйынында билдирген.
Айыл башчынын билдирүүсүнө ылайык, аталган эксклавда 70 адам, жалпысынан 18 үй-бүлө жашайт.
"Учурда биз үчүн азык-түлүк маселе болуп жатат. Уюлдук телефон аркылуу Ак-Таш айыл аймагына байланышсак, алар азык-түлүк жеткирүүдө татаалдыктар бар деп жооп беришти. Бизге кандай жардам көрсөтө аласыңар?" - деген айыл башчы.
Буга өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары жана Ош облусу боюнча коменданттын орун басары Байыш Юсупов төмөндөгүдөй жооп берди.
"Белгилүү болгондой Барак эксклавына өзгөчө көңүл бурулуп келет. Барактын жашоочулары көп жылдардан бери карантиндик шартта жашайт. Алар керектүү азык-түлүк, дары-дармек менен камсыз болот. Бул маселе боюнча айыл өкмөткө дагы тапшырма берилет. Ошол эле мезгилде райондук-мамлекеттик администрациянын башчыларына дагы тапшырма берилет", - деди Юсупов.
Мындан тышкары Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондору боюнча коменданты Малик Нурдинов эксклавдагы абал боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлерине тапшырмалар берилерин кошумчалады.
"Биздин кызматкерлер айыл өкмөт менен кабарлашып, кырдаал тууралуу жана чек ара кандай акыбалда турат, ушул жана башка маселелер боюнча маалымат алууну тапшырабыз", - дейт Нурдинов.
Эксклав - бул негизги территориясынан бөлүнүп башка мамлекеттердин курчоосунда калган аймак.
Барак эксклавы кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан. Аймагы 230 гектар жерди ээлейт. Баракты Өзбекстандын ичиндеги Кыргыз өлкөсү деп да атап коюшат. Анткени ал Өзбекстандын Андижан облусунун Коргон-Төбө районунун ичинде калган.