Билим берүү министринин орун басары дистанциялык окуу боюнча онлайн маалымат жыйын берди (видео, хронология)

Бүгүн, 4-апрелде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова онлайн маалымат жыйын берди.

2020-04-04 14:18:00

Жусупбекова эртеңден калбай бардык телеканалдар аркылуу сабактардын жүгүртмөсү жарыялана турганын айтты.

2020-04-04 14:16:00

"Урматтуу мугалимдер, окуучуларга билим берүү үчүн бардык күчүбүздү жумшашыбыз керек. Бардык нускамаларды, видео роликтерди колдонууга чакырам. Окуучулар 21-кылымдын жаштары экенин көрсөтүп, дистанциялык окууну жакшы өздөштүрүп кетиши керек", - дейт министрдин орун басары.

2020-04-04 14:10:00

Надира Жусупбекова билдиргендей, дистанциялык формада окутууну жүргүзүүдө окуучулар менен мугалимдердин кайтарым байланышын түзүү үчүн министрлик тарабынан уюштурулууда. 

2020-04-04 14:05:00

"Министрликте дистанциялык билим берүү боюнча ыкчам тобу уюштурулду. Бул топ аймактар менен байланышып, пайда болгон маселелерди чече турган топ. Ыкчам байланыш үчүн төмөнкү телефондорго чалсаңыз болот. 0550 512075, 0550 80 10 26 номурларына байланышып турса болот", - дейт министрдин орун басары.

2020-04-04 14:03:00

Надира Жусупбекова жалпы билим берүү уюмдарынын 5-6-7-8-10-класстарынын окуучулары үчүн которулуучу экзамендер боюнча кошумча маалымат бериле турганын белгиледи. "Ошондой эле 9 жана 11-класстардын жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялары боюнча дагы кошумча маалымат берилет", - дейт ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Saidochka
2020-04-04 15:35:05
Которулуучу экзамен эмес, кочуруу экзамендери (класстан-класска)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан