"100 миңдеген адамдар вакцина алуу ниети бар экенин билдирген". Аргентинада "Спутник V" вакцинасы колдонула баштады

Аргентинада Орусиянын коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасы бүгүндөн баштап колдонула баштайт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Басылмалардын маалыматына ылайык, аталган препараттар Аргентинанын ар бир провинцияларына жеткирилген.
"Өткөн аптада "Спутник V" 300 миң доза вакцинасы учак менен жеткирилген. Биринчи кезекте вакцинаны интенсивдүү терапия бөлүмүндө иштеген медицина кызматкерлерине берүү пландалууда. Жергиликтүү бийлик провинцияларда жашаган жарандарды онлайн каттоону баштаган. Акыркы маалыматтарга ылайык, 100 миңдеген адамдар вакцина алуу ниети бар экендигин бирдиришкен", - деп жазылат маалыматта.
Аргентинада учурда 1 миллион 590 миң 513 адам коронавирус илдетине кабылган. Тилекке каршы, 42 миң 868 бейтап каза болсо, 1 миллион 414 миң 680 жаран оорудан сакайган.
Эске салсак, Орусиянын окумуштуулары коронавирусту профилактика кыла турган дүйнөдөгү биринчи вакцинаны иштеп чыгып, аны "Спутник V" деп атады. Препарат Н.Ф.Гамалеи атындагы Улуттук эпидемиологиялык жана микробиология изилдөө борборунда иштелип чыккан.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан