Бүгүн, 25-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн маалымат жыйын берди.
Министрдин орун басарына "Кайрадан өзгөчө абал киргизилиши мүмкүнбү?" деген суроо берилди.
Каратаев билдиргендей, өзгөчө абалды киргизүү маселеси республикалык штабдын жыйынында каралат. "Бишкек менен Ошто абал өтө оор болуп жатат. Ошондуктан абалды, бардык факторлорду карап, анан чечим кабыл алынат", - деди ал.