Бүгүн, 17- апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдиновдун катышуусунда кезектеги онлайн маалымат жыйыны өттү.
Жыйында 44 жылдык тажрыйбасы бар 68 жаштагы алайлык педиатр Саламаттыкты сактоо министрлигине сунушу менен кайрылды.
"Бүгүнкү күндө медиктердин көбү оору жугузуп алышты. Мага министрликтен уруксат беришсе, медиктердин эмне үчүн ооруп жатканын, Ош шаарындагы бейтаптардын оору жугузган себебин аныктоого аракет кылып көрөйүн. Эгерде мен дагы ооруп калсам мага тийиштүү болгон компенсацияны коронавирустан каза болгондордун үй-бүлөсүнө берем", - деген сунушун айткан ардагер дарыгер.
Өз кезегинде комендант Малик Нурдинов мындай сунуш алгачкы жолу түшүп жатканын белгилеп, төмөндөгүдөй жооп берди:
"Сиздин сунушуңузду, албетте, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилерине жеткиребиз. Мындай нерсе ар бир эле адамдын колунан келе бербейт. Демек, бул нерсе элин сүйгөндүн белгиси. Дарыгердин сунушун угуп, 2011-жылы Япониянын Фукусима префектурасында атом-энергетикалык комплекс жарылганда да 300дөй жаран өз жанын тобокелдикке салуу менен элине жардам көрсөткөн. Ошондо аларга суктанганбыз. Бизде дагы ушундай мекенчил атуулдар бар экени сүйүндүрөт", - деди ал.