Флоридада жашаган Кыргыз жараны: "АКШ бийлиги коронавируска байланыштуу жубайлардын ар бирине 1200 доллардан, балдарына 500 доллардан берип жатат"

Дүйнө жүзүнө тарап жаткан коронавирус илдетинен жабыркагандардын саны күн санап өсүүдө.

Акыркы суткага карата дүйнө жүзү боюнча вирус жуктуруп алгандардын саны 102 миң 898 адамга көбөйгөн. Ал эми коронавирус тездик менен жайылып жаткан АКШда 5-апрелге карата 312 миң 237 жаран ооруп жатат. Бул көрсөткүчү менен АКШ коронавирус илдетинен жабыркаган мамлекеттердин сап башына чыкты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы ал жакта жашап, иштеп жана окуп жаткан мекендештерибизден кабар алып, абалдарын жана жалпы АКШдагы кырдаал тууралуу билип көрдү. АКШнын Флорида штатында иштеп жаткан Максат Аскеров аттуу мекендешибиз аталган өлкөдө карантин абдан эле кеч жарыяланганын айтып берди.

- Максат, Флорида штатында жана жалпы кошмо штаттарда абал кандай?

- Азыр АКШда абал эң эле начар. Бүгүнкү күндө ооругандардын саны 300 миң кишиден ашты, ал эми каза тапкандар 8 миңге жетти. Ал эми Флоридада бул вирустан көз жумгандар бүгүн, 5-апрелде 31 адам болду. Айрыкча АКШнын ири шаарлары Нью-Йорк, Лос-Анжелес жана Маямиде жуктуруруп алгандардын саны күн санап өсүүдө. Алсак бүгүнкү күнгө карата Нью-Йоркто эле каза болгондор 2000ден ашуун.

- Эмнеге өнүккөн мамлекеттердин катарына кирген АКШда мындай абал орун алып жатат деп ойлойсуз? Штат жетекчилиги тарабынан вирустун жайылышын болтурбоо боюнча кандай чаралар көрүлүп жатат?

- Анткени бул жакта өзгөчө кырдаал, карантин абдан кеч жарыяланды. Балким эртерээк чаралар көрүлө баштаганда вирус мынчалык кулачын жаймак эмес. Учурда коронавирус аябай тездик менен тарап жаткандыктан канчалык мамлекет күчтүү болбосун, ага туруштук берүү оор болууда, анткени мындай пандемияга заманбап дүйнө биринчи жолу кезигип жатат деп ойлойм.

АКШ өз жарандарын колдоо иретинде ар бир үй-бүлөгө, мисалы жубайы менен жолдошуна 1200 доллардан 2400 доллар, ал эми ар бир баласына 500 доллардан төлөп берүү мыйзамын чыгарды. Кыргыз өлкөсү үчүн бул акча көп болгону менен, бул жакта 2400 доллар аз эле акча болуп калат. Ошондой болсо дагы америкалыктар үчүн бул жакшы жардам болуп жатат. Анткени учурда АКШда 6 миллиондон ашык адам жумушсуз калды. Бул көрсөткүч дагы өсүшү мүмкүн.

- Дүрбөлөңгө алдырып, азык-түлүктү массалык түрдө сатып алуу фактылары катталган жокпу?

- Ооба, штаттын чоң шаарларында чууга алдыргандар болуп жатат. Ал жактагы дүкөндөрдүн текчелери көбүнчө бош калууда. Биз Флориданын Жэксонвилл деген шаарында жашайбыз. Биз жакта салыштырмалуу тынч. Соода маркеттеринде даарат кагаз жана санитайзерлерден (кыргызча: дезинфекциялоочу бактерияга каршы гель же суюк самын) башкасы баары эле жетиштүү. АКШнын жарандары эмнегедир дал ушул даарат кагаздарды жана дезинфекциялоочу каражаттарды көп сатып алып жаткандыктан, алар турган текчелер бош калган. Айрымдары коркуу сезими менен абдан эле көп сатып алып жатышкандыктан, дүкөндөрдүн басымдуу бөлүгү бул товарлардын сатып алуу санына чектөө коюшкан. Жалпы Флоридада учурда дарыкана жана соода базарларынан башкасы жабылган. Ал эми ресторандар жеткирүү кызматы үчүн гана иштешет.

- Силер жашаган шаарда Кыргыз жарандары барбы, алардын арасынан ооругандар катталган жокпу?

- Жэксонвиллден биз Кыргыз жарандарын кезиктире элекпиз. Айрым маалыматтарга караганда АКШда жашап жаткан кыргыздардан ооругандар бар. Алар Түштүк Флоридада деп айтышууда. Бирок бул деле жөнөкөй жарандардын айтканы боюнча, расмий маалымат уга элекпиз.

- Маегиңизге рахмат, саламатта болуңуз!

АКШнын Флорида штатындагы дүкөн
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
chake
2020-04-05 15:13:48
Сага да бердиби Шадиевге салам айтып кой кыргызстандан качкан уурулар ошол жакта жүрөт ошолорго айткыла силерге жардам берсин бул жакта болгондо түрмөдө чиримек
-1
Kitep
2020-04-05 15:54:04
Кыргызстанда да Акшдай доллар печать кылган аппарат болсо..
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан