Ооругандардын жалпы саны 430га жетти. Коронавирус дагы 11 жарандан аныкталып, анын ичинен алтоо аял, бешөө эркек экени маалым болду. Сутка ичинде коронавируска кабылганы аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында ( 8 адам).
14-апрелге карата 4 бейтап коронавирустан сакайып, үйлөрүнө чыгышты. Муну менен жалпы айыккандардын саны 71.
Өлкөдө коронавируска чалдыккан медицина кызматкрлеринин жалпы саны 79га жетти.
Ооруканада жаткандардын ичинен 11 бейтап оор абалда, анын алтоо жандандыруу бөлүмүндө.
Өлкөнүн айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле Нарын шаарына жана Ат-башы районуна да 30-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.