Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаш балдарды жана өспүрүмдөрдү COVID-19 илдетине каршы эмдөөнү сунуш кылбайт. Бул туурасында иммундаштыруу боюнча эксперттердин отурумунда айтылганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Документте бул куракта коронавирус менен олуттуу ооруган учурлар аз экени, бир катар өлкөлөрдө калктын жогорку тобокелдик тобуна кирген катмарлары толук эмдөөдөн өтө электиги айтылат.
"Учурда дүйнөлүк уюм жаш балдарды жана өспүрүмдөрдү коронавируска каршы эмдөөнү сунуш кылбайт. Анткени бул курактык топтордо илдеттин оор формасы менен жабыркагандар аз. Ошол эле учурда коркунуч жогору болгон топтордун арасында эмдөө бардык эле өлкөлөрдө толук жетишилген эмес", - деп айтылат маалыматтарда.