ИИМ: "Өлкөдөгү обсервациялар милиция кызматкерлери тарабынан кайтарууга алынган"

Өлкө аймагында обсервация борборлору толугу менен ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кайтарууга алынып турат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

5-апрелге карата 1 миң 454 киши обсервацияда жаткандыгын билдирди. Алар Бишкек жана Ош шаарында, Чүй, Жалал Абад, Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Ош облустарында обсервация борборлору иштеп жатат. Мына ушул обсервациялык борборлорду толугу менен көзөмөлгө алуу, ал тарапта коомдук тартип сактоо ички иштер органдарынын кызматкерлерине жүктөлгөн.

"Обсервация борборлорунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлери толугу менен санитардык-карантиндик жана эпидемиологиялык эрежелерди сактаган коргонуучу атайын кийимдер жана санитардык каражаттар менен жабдылган. Алар обсервацияда жаткандар менен эч кандай байланышка же контактка барышпайт. Обсервациялык борборлордун ички дарылоо процесстерине кийлигишпейт, имараттардын ичине киришпейт, обсервациянын ички процесстери толугу менен медициналык кызматкерлер тарабынан тейленет жана көзөмөлгө алынат.

Ошондой эле обсервация борборлорунда посттордо турган милиция кызматкерлери күзөт мөөнөтү аяктап, күзөт кезегин экинчи милиция тобуна өткөргөн соң медициналык кызматкерлер тарабынан санитардык-карантиндик кароолордон сөзсүз түрдө өтөт. Урматтуу биздин мамлекеттин жарандары, өлкөбүздүн жана өзүбүздүн коопсуздугубуз өз колубузда экендигин эске алуу менен бекем тартипти сактоого чакырабыз. Ар бирибиз обсервациянын жана үй карантиндин шарттарын кынтыксыз так жана туура сактоого милдеттүү экендигибизди унутпайлы. Ар бир тартип бузуунун аркасында – мыйзам чегинде жоопкерчилик деген бар", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
milan-707
2020-04-05 19:05:14
Аа буга чейин эчким караган эмеспи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан