"Коронавирус деген балээ чыгып, үйдө отуруп калдык". Жолдошу каза болуп, 4 кызды багып жаткан эне жардамга муктаж

Жазгүл Обозканова 38 жашта. Ал карантинге чейин шаарыбыздагы тигүү цехтеринин биринде иштеп, күн өткөрүп келген. Азыркы тапта ал үйдөн чыга албай, айласыз олтурганын SUPER.KG порталына айтып берди. Айтымында, жолдошунун жүрөк оорусу кармап каза болуп калганына 1 жылдан ашты.

"Жумгалдан Бишкекке келгениме 1 жылдан ашты. Айылдан эч нерсе билбей келип, тигүүнү үйрөнүп, анын арты менен жаңы эле нан таап жеп баштаганбыз. Коронавирус деген балээ чыгып, үйдөн чыкпай отуруп калдык. 4 кызым бар. Алардын улуусу 17 жашта, кийинки кызым 14 жашта, үчүнчү кызым 8де, кичүү кызым 6 жашта. Жолдошумдун каза болгонуна 1 жыл 2 ай болду.

Күйөөм оорудан улам жүрөк оорусу кармап көз жумган. Бул жакта батирде турабыз. Батир акысына айына 5 миң сом төлөйм. Жакшы эле иштеп жатканда ушундай кыйын кырдаал болуп кетти. Чынында азыр бир аз кыйналып жатабыз. Кайрымдуу адамдардан кандай жардам болсо да күтөбүз. Бүгүн, эртең азык-түлүгүбүз түгөнөт", - деди ал.

Учурда Жазгүл айым Свердлов районуна караштуу Ак-Бата жаңы конушунда жашайт.

Ага жардам берүүнү каалагандар 0(705) 534-875 номери аркылуу байланышып, жардам колун сунса болот.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан