Бүгүн, 6-апрелде Өкмөт үйүндө Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун катышуусунда онлайн брифинг өтүп жатат. Анда өлкөдөгү акыркы кырдаалга алынган маалыматтар айтылууда.
"Таңды жакшы жаңылык менен баштайын. 1 адам коронавирустан айыкты. Бүгүн 23 адам ооруканадан чыгарылат", - деди министр.