Дезинфекциялык туннелдер Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада орнотулат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"Бир кабина ооруканага келгендер үчүн, экинчиси "Тез жардам" унаалары үчүн коюлат. Белгилей кетсек, жабдуулар жергиликтүү адистер тарабынан иштелип чыккан жана коронавируска каршы күрөшүү максатында мамлекетке акысыз өткөрүлүп берилген. Туннелдердин жалпы наркы 1 миллион 500 миң сомду түзөт, алар Бишкек шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансында катталат", - деп жазылат маалыматта.