Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министри Алишер Шадманов жергиликтүү телеканалга интервью берип жатып, Өзбек жарандары кантип коронавирусту жайылтканы тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, Ташкентте жашаган жаран 52 адамга вирус жуктурган. "Коронавирус менен ооруган жаран жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп, дем алуусу оорлоп жатканына карабай 4 мекемеге барган. Ал 52 адамга вирус жуктурган. Бейтап барган мекемелердин баарын жаап салууга туура келди. Ал эми экинчи бейтап 3 ишканада иштеген. Өзүнүн ооруп баштаганын билсе да көп адам менен байланышкан. Анын кесепетинен 100 чакты адамды карантинге алдык. Бул кылмыш жана билип туруп көп кишиге вирус жуктуруу - бул саткынчылык", - деген министр.
27-мартта Андижандын тургунунан коронавирус аныкталган. Кийинчерээк ал ата-энесине вирус жуктурганы маалым болгон. Ал эми атасы 36 кесиптешине жуктурган. Кесиптештеринин бири 4 тууганынын коронавирус менен оорусуна себепкер болгон. Андан сырткары ооруган бейтаптар менен байланышта болгон 3 жарандан COVID-19 аныкталган. Жалпысынан 1 адам 46 адамга вирус жуктурган. Мунун баары башында оору жуктурган адамда вирустун белгилери байкалса да дарыгерге кайрылбагандыгынан болуп жатат", - деп билдирген Шадманов.