Бүгүн, 10-майда саат 10:00дө Жалал-Абад шаарында коменданттык саат алынды. Бирок өзгөчө кырдаал режими уланат.
Жалал-Абад шаарында өзгөчө абал киргенден бери шаардын комендатурасында 7 кызматтын кызматкерлери күнү-түнү тынымсыз иш алып барышкан. Шаар комендатурасы коменданттык сааттын алынышына байланыштуу көз жоосун алган сүрөттөр менен бөлүштү.
Комендатуранын маалыматына ылайык, Жалал-Абад шаарынын комендатурасы тарабынан тиешелүү иш мерчемдер кабыл алынып, күч түзүмдөр, тиешелүү кызматтар коомдук тартипти сактап, санитардык-карантиндик эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү. Илдет менен күрөшүүдө 7 кызматтан жалпы миңдей кызматкер кызмат өтөдү.