Бүгүн, 11-апрелде Жалал-Абад шаарынын коменданты Жеңишбек Жоробеков карантин, коменданттык саатка байланышкан абал боюнча маалымат берди. Жоробековго "Азык-түлүктөргө болгон баа көтөрүлүп кетти, бул көзөмөлгө алынабы, сатуучулар соода жайында санитардык-гигиеналык нормаларды сактап жатабы?" деген суроо берилди.
"Биз ар бир маселени кылдаттык менен чечүүгө аракет кылып жатабыз. Мыйзамдуулукту, маданияттуулукту сактоого чакырып иш алып баруудабыз. Базарда баалар кымбаттады деген бир топ кайрылуулар келип түшкөн. Антимонополия агенттиги, Финпол, жергиликтүү бийлик менен рейд өткөрдүк. Ооба, ошол учурда айрыкча ундун баасы кымбаттаганын көрдүк. Сатуучулар болсо бир топ көйгөйлөр бар экенин айтышууда. Маселен унду чет өлкөдөн алып келүүдө кымбат түшүп жатканын, буга байланыштуу аны кымбаттатышканын айтышты.
Азыр аныктоо иштерин алып барып жатабыз. Ошол эле учурда элдин азыркы абалын эске алып, бааны көтөрбөгөн сатуучулар да бар экенин көрдүк. Биз сатуучуларга кайрылат элек, бааны жөнсүз, ашыкча көтөрбөгүлө. Себеби бул үчүн жооп берип калышы мүмкүн", - деди Жоробеков.