Испанияда коронавирустун экинчи толкуну башталганы, бирок ал мурункуга салыштырмалуу алсыз болуп жатканы айтылды. Мындай пикирди Наварра университетинин медицина факультетинин профессору, микробиолог Гильермо Мартинес де Техада билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анын айтымында, экинчи толкун биринчисине салыштырмалуу алсыз болот. Ошондуктан эл аралык каттамдарды жабууну күтпөй эле коюуну айткан.
Испанияда июль айында эпидемиологиялык абал начарлай баштаган. Акыркы маалыматтарга караганда, жалпы 412 миң адам коронавирус илдетине кабылган.