Бишкек шаарында өзөчө абал режими киргизилгенден бери 516 кылмыш иши катталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев маалымат жыйында билдирди.
"Борбор калаада өзгөчө абал киргизилген учурда 516 кылмыш иши катталды. Анын ичинен 467 кылмыштын бети ачылды", - деп билдирди комендант.
25-марттан 15-апрелге чейин президенттин жарлыгы менен Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна, Ош шаарына, Бишкек шаарына, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна жана Жалал-Абад шаарына коменданттык саат тартиби киргизилген.